www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-августка карата аба ырайы

Бүгүн, 6-августта Кыргызстанда күн 35 градуска чейин ысып, күндүз айрым жерлерде өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометеорология билдирет.

Маалым болгондой, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Талас аймагында +27...+32, Ош, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл чөлкөмүндө +24...+29 жана Нарын жергесинде +26...+31 градус болору айтылды.

Термометр Бишкекте жана Ош калаасында +33...+35, Чолпон-Ата шаарында +24...+26 градустун тегерегин көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости