www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети №61-мектептин директору Юрий Низовскийге коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Ю.Н. (Низовский Юрий Николаевич) тарабынан уюштурулган, ата-энелерден мыйзамсыз түрдө акчалай сыйлык алууга жол берген туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Атап айтканда, Низовский балдарды мектептин биринчи классына жана мектепке чейинки билим берүү мекемесине кабыл алууда көрсөткөн жардамы үчүн бир нече жолу акча алган фактылары аныкталган.

«Мүлктөрүн жашыруу үчүн Низовский өзүнүн жакындарынын жана ишенимдүү адамдардын атына каттатып койгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана анын жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк – жер тилкелери, коттедждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер бар экени, болжолдуу баасы 150 миллион сомго жакын экендиги аныкталган.

Ошондой эле анын жеке кабинетинде, иш жүзүндө жашаган жериндеги батиринде жана дачасында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар, ошондой эле жогорудагы мүлккө укук белгилөөчү документтер табылган», - деп айтылат комитеттин маалыматында.

Ал кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости