www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№61-мектептин директору Юрий Низовский УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар ​​билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Юрий Низовский мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда. Учурда анын батирлери изделүүдө. Анын 30-40 кыймылсыз мүлкү бар экени айтылууда.

Ошондой эле, анын иш бөлмөсү жана бүтүндөй мектепке мөөр басылган. 

УКМКнын имаратынын жанына кечинде №61-мектеп директорун колдоо үчүн 25тен ашык адам чогулду. Алар аталган мектептин окуучуларынын ата-энелери экенин билдиришкен.

Ата-энелер комитетинин өкүлүнүн айтымында, саат 18:00дөр чамасында жарандык кийимчен алты адам мектепке келип, Юрий Низовскийди алып кетишкен.

Алар кызматкерлерден директор Юрий Низовскийди эмне себептен УКМКнын имаратына алып барышканын айтып берүүнү суранышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости