www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кой-Таш окуясы боюнча сотто кечээ күнү тартип коргоочулар мурдагы депутат Ирина Карамушкинаны сот залынан жетелеп чыгарып салды, анткени ал сот эрежелерине баш ийген эмес. Кайсы болбосун сотто ага катышкандар өтө сылык болуп, эки сөз сүйлөсө дагы ал үчүн соттон уруксат сураш керек.
Бул сот кандай жыйынтык менен аяктаса дагы, ага катышкан Атамбаевдин тарапташтарынын жүрүм-туруму такай чектен чыгат. Ал өзү дагы соттук жыйын маалында айнек каалганы көпкө чейин буту менен тепкилеген учурлар болгон. Атамбаев дагы, аны колдогондор да эмгиче эч нерсе түшүнбөгөн сыяктуу жана баардыгы үчүн башкаларды күнөөлөйт.
Мисалга, жол эрежесин бузган кимдир бирөөнү милиция токтоткондо, кармалганга орой сөз айтып койсо, ал дагы, анын тарапташтары дагы – милиция туура эмес кылды деп ажылдап-кыйкырып, эч кимге баш ийбей, машинени тепкилеп, тополоң салган сыяктуу. Албетте, милиция орой сүйлөбөш керек, бирок анын ошол орой сөзүн алардын жасаган кылмышы менен салыштырып болбойт да.