www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-июлуна карата өлкө боюнча жаңы төрөлгөн 67 миң 468 балага бир жолку «Балага сүйүнчү» төлөмү дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, аталган төлөмдөрдү каржылоого республикалык бюджеттен жалпысынан 271 миллион 34 миң сом бөлүнгөн.
Өткөн жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда, төлөм алуучулардын саны өскөн. Тактап айтканда, 2025-жылдын 1-июлуна карата 65 миң 967 үй-бүлө «Балага сүйүнчү» төлөмүн алган болсо, быйыл бул көрсөткүч 67 миң 468ге жетти.
Эске салсак, «Балага сүйүнчү» — жаңы төрөлгөн ымыркайдын урматына мамлекет тарабынан үй-бүлөлөргө көрсөтүлүүчү бир жолку социалдык колдоо. Төлөм мыйзамда белгиленген тартипке ылайык республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.