www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-8-мартта Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда.
Жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.
Жарманкенин негизги максаты — баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
Жарманке төмөнкү даректе өтөт:
Т. Усубалиев аянты;
И. Раззаков жана Абдымомунов проспектилеринин кесилиши;
Эркиндик бульвары (Биринчи май району).
Катышуучунун талаптары:
Азык-түлүктөр жогорку сапатта болушу жана санитардык-гигиеналык стандарттарга жооп бериши керек;
Баалар базар баасынан төмөн болушу керек;
Райондук айыл чарба департаментинен тастыктоо каты талап кылынат.
Кошумча маалымат жана суроолор:
(0312) 66-14-22
0702 70 20 00