www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн өтүп 7-апрелге убакыт жакындаган сайын баатырлары менен “коркокторуна” жин без тийгенсип тийип, шиш менен сайгансып, бир жерде орун ала алышпай калышкандай. Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев 7-апрель баатырлары менен “коркокторуна” көз салып, көзөмөлдүк кылып тейлеп калгандай. Арийне, көпчүлүктүн маанайын уксак Кененбаевдин калыссыздыгынан улам булар да жикке бөлүнүшүп, Кененбаевдин колтугун жыттагандар жана Кененбаевге каршы тургандар болуп бөлүнүп калыптыр. Тээ Атамбаевдин заманында кимдир бирөөлөрдүн тукуруусу менен ошол кезде өз кызматын дурус эле аткарып жаткан маданият министри Камила Талиевага каршы Алтынбек Максүтов, Садык Шерниязов сыяктуулар “эзил кайран” дешип  Ак үйгө өкүрүп келишип, министрди кызматынан алышкан.  7-апрель баатырлары менен “коркоктору” да жаңы акцияны баштаганы турушат. Бул акция боюнча Ак үйгө “эзил кайран Кененбаев” деп өкүрүп келе турушкан болушуптур.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости