www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-февралда парламенттин жалпы жыйынында депутат Канатбек Исаев  Кыргызстан ЕАЭБдин жеңилдиктерин колдонууда башка өлкөлөрдөн артта калып жатат билдирди.

Анын айтымында, 2016-2017-жылдары Армения биримдикке мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүсүн 52 пайызга, Казакстан  42, Белоруссия  41, Россия 30, Кыргызстан болгону 8 пайызга көбөйткөн.

Буга жооп берген премьер-министр ЕАЭБдин чечимдери аткарылбай жатканына токтолуп, бул үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) укугун кеңейтүүгө сунуш бергенин кошумчалады.

"Бул жерде чоң мамлекет чоң чечет, кичине мамлекет баш иет" деген маселе болуп жатат. Жакында Алматыга (ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңеши) барганда ЕЭКтин укуктарын кеңейтүү керектигин айттым. Бул комиссия кайсы жерде келишимдин нормалары бузулса көрсөтүп, чечим чыгарышы керек. Эгер аны аткарбаса, Евразиялык сот бар, ишти карап айып санкцияларын коюш керек. Эгер мындай функцияларды киргизбесек, "менин чек арамда менин укуктарым көп" дегендей болуп жатат. Муну Казакстандын премьер-министри Аскар Маминге да айттым", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле, Мухамметкалый Абылгазиев Кыргызстан ЕАЭБдин жакшы жактарын да пайдаланып жатканын белгилеп, ошол эле учурда кемчиликтери да болгонун айтып өттү.

Соңунда Абылгазиев Кыргызстан технология, финансы жактан башка өлкөлөрдөн артта калганын моюндап, бул жаатта өкмөт иш алып барып жатканын кошумчалады.

Учурда ЖК депутаттары Эркин Асрандиевдин вице-премьер, Замирбек Аскаровдун өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкерлигин карап жатат. Аларды парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алып келип тааныштырды. Депутаттар өкмөт башчыга бир катар суроолорду узатууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости