www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан коронавируска шектүү делген анализдерин, Лондондун вирусологиялык лабораториясынан текшертет. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова билдирди.
Ал эми саламаттыкты сактоо министрлиги буларга токтолду: "Кыргызстан коронавируска каршы чараларды күчөттү. Чек арадагы өткөрмө бекеттерде сырттан келгендер текшерилүүдө, карантиндик зоналар ачылып, убактылуу обсерваториялык жайлар ачылды. Беткап, жеке сактануу каражаттары жана респираторлор жетиштүү. Ооруну жугузуп алышы ыктымал деп шек саналгандардан дароо анализ алынып, өздөрү атайын жайларга убактылуу жайгаштырылууда», деп белгиледи министрлик.
Бирок, Кыргызстанда коронавируска каршы иш-аракеттердин алкагында Кытайдан Кыргызстанга келген жарандарды тыкыр көзөмөлгө алып, текшерүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкени менен айрым Кытайдан келген жарандар бул сөздөрдү четке кагууда.
Алсак, “Твиттер” колдонуучусу Арина Арпачиева нааразы болгон билдирүүсүн өздүк баракчасына жазган.
"Биз Кытайдан келдик. Ага чейин 3 аба майдандан 28378328 жолу текшерүүдөн өткөнбүз. Кордай менен чектешкен жерден биздин температурабызды кайрадан текшеришти. Андан кийин эч кандай шарты жана жылуулугу жок буска салышты. Биз 11 адам элек, бирок унаа 6-7 адамга эсептелген. Мейли биз, бирок балдар, Кантка жеткиче үшүп, ыйлап, ачка болушту. Кээ бирлери өзүнүн автоунаасы менен келген. Бирок дарыгерлер баарыбызды бул кутуга тыгылып отурубузду айтышты. Мындай көрүнүштүү көрүү аябай оор болду. Канттагы жугуштуу оорулар ооруканасына барганда биздин дене табыбызды өлчөп, жөнөтүп жиберишти. Короновирусту текшергендери ушубу?”- деп жазган колдонуучу.
Эске салсак, Кытайдын Жугушту ооруларды диагностикалоо жана эмдөө боюнча КЭРнын мамлекеттик лабароториясынын башкы директору Ли Ланьцзюань вирус тууралуу буларга токтолгон. “Эгерде адам вирус жуктуруп ала турган болсо, 10 кунгө чейин билинбейт. Качан гана 14 күн болгондон кийин гана адамдын ооруп же оорубай жаткандыгы билинет. Ошол себептен, ооруган адамдардын жакындары көзөмөлдө турушат” -деп билдирген.
Булак:NazarNews.kg