www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын экономикасы тууралуу сөз болуп, депутаттардын бири: “Биз жаңы депутат болуп келгенде жашоо деңгээли  1200 доллар болсо 4 жарымдан жылдан бери 1400 доллар болду. КМШ өлкөлөрү боюнча эң орточо айлык бизде ал- 18 миң сом. Бул абдан төмөн. Биз экономикалык мейкиндиктерден  ЕАЭБден сырткары Дүйнөлүк соода уюмунун, КМШнын мүчөсүбүз. Биз эле өспөй турабыз. КРда 300 миң жумушсуз киши бар. Бул абдан начар көрсөткүч”,- экендигин айтып, кандидаттарга экономиканы көтөрүү каалоо-тилегин билдирди.

Буга М. Абылгазиев: “Бизди эл көрүп турат. Өспөй турабыз деген туура эмес, өсүп жатабыз, бирок каалаган темпте эмес. 27 жылдан бери түптөгөн шартыбыз ушул болуп жатпайбы?”,-деп жооп берди.

Эскерте кетсек, учурда ЖК депутаттары Эркин Асрандиевдин вице-премьер, Замирбек Аскаровдун өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкерлигин карап жатат. Аларды парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алып келип тааныштырды. Депутаттар өкмөт башчыга бир катар суроолорду узатууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости