www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна курулуш жүргүзүү боюнча документтерди даярдоого каражат бөлүнмөй болду. Мындай демилгени калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев көтөрүп, буйрукка кол коюлганын муниципалитеттен билдиришти.
"Бишкек мэриясына караштуу Муниципалдык мүлк башкармалыгынын балансындагы бул имараттын азыркы абалын Сейсмологиялык курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту карап чыгып, техникалык баа берди", — деп айтылат билдирүүдө.
Жакын арада техникалык кароолордун негизинде кабыл алынган чечим боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн тендер жарыяланмакчы.
Белгилей кетсек, Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имарат 2010-жылы 7-апрелдеги окуяларда күйүп кеткен. Кийин аны калыбына келтирүү иштерине Бишкек шаарынын бюджетинен 120 миллион сом бөлүү каралган.
Булак: NazarNews.kg