www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-ноябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолукту.

Элчини Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин Кытайдын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу өкүлү Цай Чжисюн жана Кытай Элчилигинин Кыргыз Республикасындагы Атташеси Чжоу Тиншэнь коштоп келди. 

“Сиздер менен ички иштер министрлигинде жолугуп жатканыма кубанычтамын. Белгилүү болгондой, 2019-жыл бирдиктүү аткарылган жемиштүү жана натыйжалуу иштерибиз менен, алдыга койгон пландарыбыздын татыктуу ишке ашышы менен эсте калды. Ал эми, өтүп бара жаткан 2020-жыл биздин тыгыз кызматташуубузга өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул аралыкта биз жаңы кесиптик жана турмуштук тажрыйбага ээ болдук. Буга карабастан биз кызматтык жана адамдык мамилелерибизди мындан ары дагы бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө умтулабыз”,-деди ички иштер министри Улан Ниязбеков.

Өз кезегинде элчи Улан Ниязбековду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, бул кызмат ордунда ийгиликтерди каалап, андан сырткары Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин башчысынын атынан куттуктоо сөздөрүн жеткирди.

Ду Дэвень акыркы жылдардагы кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүү тенденциясын жогору баалады. Эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө багытында жигердүү иштерди жүргүзүп жаткандары үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине терең ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз-кытай мамилелерин,  ар тараптуу стратегиялык  өнөктөштүктү өнүктүрүү, кызмытташтыкты кеңейтүүгө салым кошуу үчүн Кыргызстан менен мындан ары дагы тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар терроризм жана экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, улуттар аралык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бирдиктүү иштерди талкуулашты. Министрликтердин эки тараптуу кызматташууларынын учурдагы деңгээлин жогору баалашып, аны дагы өнүктүрүү керектигин белгилешти. Жолугушуу кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кадамдарды макулдашышты.

Иш-чара достук кырдаалда жана иштиктүү маанайда өттү.  

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости