www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында президентибиз Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда оор кылмыш жасагандарды бошотуп жаткан сотторго карата мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирип: «Соттордун ишине киришейин деген кымындай да оюм жок, бирок алар оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатса, кылмыш кылып жатса, мен эмнеге карап турушум керек?

Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузу болгон бардык маселеге киришем. Мыйзам чегинде чара көрөбүз сотторго. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге өзүм киришем» деген. Кызыгы, ошондой кир соттордун ана башында отурган  Майрамкүл Дюшембиевага бүгүнкү күнгө чейин чара көрүлбөй, былгыган баягы ишин улантууда. Дегенибиз, бул айым мамлекеттик матрезервдеги 7 миң тонна буудайды уурдап, жалпы өлкө үчүн өтө оор кылмыш жасаган адамды сүттөн ак кылып актап жиберген.

Тагыраак айтканда, Бакиевдин заманында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Чарбак айылынын 1965-жылы туулган тургуну А.С.Төрөкуловду мамлекеттин материалдыкрезервдер фондунун жетекчилик кызматына койгон.

Ал 2010-жылдагы башаламандыктан пайдаланып жалпы элдин энчисинде турган 6 900813.72 тонна буудайды жогот экен, ал эсеп маалында аныкталып, оор айып тагылган. Уурулугу билингенТөрөкулов дароо Россияга из жашырып кетиптир.

Артынан сая түшкөн тергөөчүлөр ошол жактан кармап, экстрадиция кылып алып келип камаптыр. Анан ошол оор кылмышка шектелген адамды Балыкчынын судьясы Майрамкүл Дюшембиева сүттөн таза кылып актап, сот залынан бошоткон.

Бул жерде коррупция жыттанган жокпу? Кызыгы, ал иш аппеляциялы карыз менен Ысык-Көл областык сотуна өткөнү менен бир жылдан бери каралбай жатыптыр, муну кандай түшүнөбүз? Иштин өзү 2 айдан кечиктирилбей каралышы керек да!

7 миң тонна буудайдын акчасы сотторду тымпыйтып, тергөөчү менен прокурорду дудукка айлантып койдубу? Айтор, мындай соттор турганда кантип коррупцияга каршы күрөш жүрсүн? Биз бул боюнча иликтөө баштадык, кийинки сандарда кеңири маалымат беребиз.

Булак: Де-факто

Последние новости