www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ысык-Көлдүн милиционерлери сот адилеттигинен дээрлик 7 жылдан бери жашырынып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы билдирди. 

Жакында "Издөө" операциясынын алкагында Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери КР ИИМдин Маалымат технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин жардамы менен Ак-Суу районунун Совет айылынын 45 жаштагы тургуну А.С. Бишкек шаарынан кармалды.

Кармалган жаран, 2016-жылы Каракол шаардык соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясынын 246-беренесинин 3-бөлүгү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо) менен каралган кылмыш үчүн издөөгө жарыяланган болчу.
Изделип жаткан жаран Бишкек шаарындагы турак жайлардын биринде кармалган.  Ал дээрлик 7 жыл бою сот акыйкаттыгынан жашырынып келген.
Кармалган жаран Каракол ШИИБдин УКЖга киргизилди.

"Издөө" операциясынын алкагында милиция кызматкерлери Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 39 жаштагы Ш.А. аттуу тургунун да кармоого үлгүрүштү. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен каралган кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ал кылмышты Каракол шаарында жасаган. 

Кармалган жаран, 2022-жылдын апрель айында Каракол шаардык соту тарабынан издөөгө жарыяланган болчу.

Последние новости