www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда селден 14 адам каза болуп, дагы бешөө дайынсыз жоголду. Издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигинин башчысы Сулейман Сойлага шилтеме кылып билдирди.

Шанлыурфа провинциясында 12 адам, кошуна Адыяман провинциясында дагы эки киши набыт болду. Өлкөдө нөшөрлөп жааган жаандан жүздөгөн үйлөрдү суу каптап, көпүрөлөр жана жарым-жартылай жолдор бузулган. Кээ бир жерлерде кайык менен гана жүрүүгө болот.

Жергиликтүү калк коопсуз аймактарга көчүрүлүп жатат. Куткаруу иштерине армиянын бөлүктөрү жана Өзгөчө кырдаалдар департаментинин күчтөрү тартылган.

Синоптиктер дагы эки күн жаан жаай турганын айтышууда, андыктан жаңыдан сел жүрүү коркунучу жок эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости