www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тогуз-Торо милициясы мал уурулук менен алектенген шектүүнү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тогуз-Торо районунун тургуну 74 жаштагы Райымжан аксакал арыз менен кайрылып, өз арызында 2022-жылдын 13-сентябрынан 14-сентябрына караган түнү Каргалык айыл аймагынын Коён-Токой участкасынан 2 баш уй, 1 баш кунаажын жана 2 баш торпокторун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Натыйжада жабырлануучу Р. Биримбаевге олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча топтолгон материал 24-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон жана кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тергөө тапшырмасы берилип, тиешелүү кызматтар тарабынан кечиктирилгис ыкчам иш-чаралар башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Тогуз-Торо районунун 20 жаштагы тургуну А. у. Н. аныкталып, 26-октябрь күнү тергөөгө камсыздалган. Тергөө учурунда шектүү катары суралып, А. у. Н. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96,97-беренелеринин негизинде Тогуз-Торо РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда шектүүнүн башка дагы кылмыш иштерге катыштыгы бар жок экендигин аныктоо максатында тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg