www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Поп-музыканын легендасы Мадоннанын дүйнөлүк маалымат каражаттарынын баш макалаларынан жок болуп кетүү планы жок. Ырчы төшү ачык сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялоо менен коомчулукту дагы бир ирет таң калтырды.

Кечээ Мадонна өзүнүн күйөрмандарын Хэллоуин майрамы менен куттуктап, күтүүсүз костюм – шорты, корсет жана торлуу колготки кийип, ырчы көкүрөгүн эки кичине смайликтер менен гана жаап койгон.

Жылдыздын күйөрмандары анын бул жоргуна абдан таң калышты. "Ал эмне кылып жатат?", "Анын муну токтото ала турган достору жокпу?", "Эмне үчүн?" - деп жазышууда интернет колдонуучулар.

Ачык сүрөттөр анын 1992-жылдын 20-октябрында жарык көргөн бешинчи студиялык "Эротика" альбомунун 30 жылдык мааракесине арналган акциясынын бир бөлүгү окшойт. Жосунсуз сүрөттөрдү жарыялоодон мурун, жылдыз аталган альбомдун шилтемеси менен бөлүшкөн.

Альбом ырчынын Стивен Мейзел студиясы жана Фабиен Барон тарткан ачык сүрөттөрүн камтыган анын биринчи стол үстүндөгү "Секс" китеби менен бир убакта чыккан. Бул ошондой эле сынчылардын жана ошол кездеги антипорно топтордун реакциясын жаратып, алар жылдыздын сүрөттөрүн катуу порнография катары сыпатташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости