www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниел Дэвис Вашингтон баштаган НАТО эмне үчүн Чыгыш Европада өзүнүн катышуусун күчөтүп, Украинага жакын жерде аскерлерин жайгаштырууну улантып жатканын түшүндүрүүнү АКШ бийликтеринен талап кылды.
Автор жазгандай, президент Байдендин АКШ Украинадагы орус армиясына каршы согушуу үчүн америкалык аскерлерди жибербей турганын айтканына карабай, АКШ Чыгыш Европага жүз миң жоокерин жайгаштырды, Американын учак конуучу кемеси Адриатикада машыгууларды өткөрүүдө.
"Бирок, "мунун баары эмне үчүн экенин" Вашингтондо же Брюсселде эч ким түшүндүрүп убара болгон жок", - деди Девис.
Ал Ак үйдү коркунучту күчөтүп жатканы үчүн сынга алып, АКШнын конфликтке катышуусу Американын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына карама-каршы келерин жана анын курчушуна,потенциалдуу өзөктүк согушка гана алып келерин белгиледи.
«Башында айткандай, дагы бир жолу кайталап коеюн: Россия менен Украинанын чектеш мамлекеттеринин ортосундагы жаңжалда биздин улуттук коопсуздукка (же НАТО союзунун коопсуздугуна) коркунуч туудурган эч нерсе жок», - деп жыйынтыктады байкоочу.
Булак: NazarNews.kg