www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-июнда, Бишкек «75 иши»: Абдимуктар Маматов катка ким кол коюуну суранганын айтып бердшаарындагы Биринчи май райондук сотунда мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушевге, мурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жана башка айыпталуучуларга байланыштуу «75 иши» боюнча биринчи ачык соттук отурум өттү.
Айыпталуучулардын арасында Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмиль Узакбаев дагы бар.
Сотто күбө катары мурдагы депутат Абдимуктар Маматов көрсөтмө берди. Анын айтымында, 7-февралда Токтогул Сооронбаев эки жолу телефон чалып, чайканага чакырган. Бирок жолугушуунун максатын алдын ала айткан эмес.
Маматов башында бош эмес экенин айтып баруудан баш тарткан. Бирок ал жерде Эмиль Узакбаев, Калматов жана Досбол Нур уулу сыяктуу таанымал адамдар бар экенин уккандан кийин жолугушууга барууну чечкен.
Анын айтымында, ага эч ким басым жасаган эмес. Көз айнеги жок болгондуктан каттын мазмунун толук окуй алган эмес. Болгону анда президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу сөз болуп жатканын түшүндүрүшкөн. Ошондой эле бардык аракеттер макулдашылганы айтылган, бирок кимдер менен макулдашылганы такталган эмес.
Маматов сотто айыпталуучулардын баарын тааный турганын, бирок жакын мамиледе эмес экенин билдирди. Анын көрсөтмөсүнө байланыштуу айыпталуучулар тарабынан суроолор берилген жок.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМК төрагасы кызматынан бошотулган. Кийин ага карата «75 иши» боюнча кылмыш иши козголуп, бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылган. Бул иш боюнча жалпысынан сегиз адам өтүүдө. Алгач иштин материалдары жашыруун болуп, сот жабык өткөн. 15-июндан тарта соттук отурумдар ачык режимде өткөрүлө баштады.
Cүрөт: АКИpress