www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов президенттин креативдүү индустриянын өкүлдөрүн салыктан бошотуу демилгесинин максатын түшүндүрдү.

Анын айтымында, бул чечим айрым адамдарга жеңилдик берүү эмес, өлкөнүн келечектеги экономикасына жасалган инвестиция болуп саналат.

Шыкмаматов акыркы күндөрү креативдүү экономика, IT-иштеп чыгуучулар, стартаптар, киноиндустрия, маалыматтык сайттар жана блогерлер үчүн салык жеңилдиктерин киргизүү демилгеси коомдо кеңири талкууланып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, айрым блогерлер мындай жеңилдиктерге муктаж эместигин, анткени алар азыр деле салыктарды төлөп жатканын айтышууда. Бирок мамлекет бул маселеге узак мөөнөттүү көз караш менен карап жатат.

«Президент бүгүнкү блогерди эмес, бир нече жылдан кийин андан өсүп чыга турган медиа-холдингди көрүп жатат. Бүгүнкү жалгыз программистти эмес, келечекте дүйнөлүк рынокко чыккан IT-компанияны көрүп жатат», — деген пикирин билдирди Салык кызматынын төрагасы.

Анын белгилешинче, мамлекет жаратман адамдардын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратпай, тескерисинче алардын өсүшүнө шарт түзүүнү көздөйт. Себеби күчтүү экономика жаңы идеяларды жаратып, жаңы продуктыларды сунуштаган адамдардан башталат.

Шыкмаматовдун айтымында, бүгүнкү күндө ийгиликтүү блогер жөн гана контент жаратуучу эмес, келечекте журналисттерди, операторлорду, монтажёрлорду жана башка адистерди жумуш менен камсыз кылган толук кандуу медиа-компанияга айланышы мүмкүн.

Ал ошондой эле креативдүү тармактарды салыктан бошотуу өзүнчө адамдар үчүн белек эмес, жаңы кыргызстандык компаниялардын, жаңы жумуш орундардын жана өлкөнүн жаңы экономикалык моделинин калыптанышына багытталган стратегиялык кадам экенин белгиледи.

МСК төрагасы бул демилге парламент тарабынан колдоого алынат деген ишенимин билдирип, сөз айрым кесиптерге жеңилдик берүү жөнүндө эмес, Кыргызстан экономикасынын кийинки он жылдагы өнүгүү багыты тууралуу болуп жатканын кошумчалады.

Последние новости