www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевдин адвокаты Бактыбек Жумашев “75чилердин каты” боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди.
Буга чейин ушул эле иш боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты да райондук соттун чечимине каршы апелляциялык даттануу менен кайрылган.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча өкүм чыгарып, Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун жана экс-депутат Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Соттун чечими менен алар төрт жылга эркинен ажыратылып, ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонулуп, эркиндикте калтырылган.