www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын бардык аймактарында жайыттарды мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо жана алдын алуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жайыттар өлкөнүн негизги жаратылыш байлыгы жана мал чарбачылыгынын негизги тоют базасы болуп саналат. Министрлик жолдордон тышкары автоунаа менен жүрүү, унааларды башаламан токтотуу жана эндуро сыяктуу мототранспорт каражаттарын айдоо топурак катмарына жана өсүмдүктөргө зыян келтирип, жайыттардын деградациясына алып келерин белгиледи.

Министрлик экологиялык талаптарды бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү жоопкерчилик чаралары көрүлөрүн эскертти.

Ошондой эле жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, экологиялык талаптарды сактоого жана жайыттарды келечек муундар үчүн коргоого чакырды.

Последние новости