www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту «75чилердин каты» боюнча иште мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Курсан Асанов, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Бекболот Талгарбеков жана Аалы Карашевди «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыратты. Ошол эле учурда сот аларга үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонуп, эркиндикте калтырды.

Өкүм коомчулукта жана юридикалык чөйрөдө талкуу жаратты. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Конституциялык түзүлүшкө каршы кылмыштар боюнча пробация колдонууга мыйзам чектөө киргизерин айтып, мындай чечим эмне үчүн ушул иште гана кабыл алынганына суроо салды. Анын пикиринде, эгер мындай укуктук ыкма мүмкүн болсо, анда ушундай эле беренелер менен соттолгон башка айыпталуучуларга да бирдей колдонулушу керек.

Өз кезегинде Биринчи май райондук соту пробация кылмыш аягына чыкпай, даярдык баскычында токтогонун, ошондой эле айыпталуучулардын жеке жагдайлары жана эркинен ажыратпай оңолуу мүмкүнчүлүгү эске алынганын билдирди.

Ошол эле учурда мурдагы депутат Исхак Масалиев, генерал Феликс Кулов жана башка коомдук ишмерлер өкүмдүн укуктук негиздери боюнча суроолор бар экенин белгилешип, соттун толук жүйөлүү чечими жарыялангандан кийин анын мыйзамдуулугуна кеңири баа берилерин айтышты.

Последние новости