www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер парламентте ЛГБТ өкүлдөрүнүн көп экенин өлкөдөгү ар түрдүүлүктүн көрсөткүчү катары бааларын билдирди.

Анын айтымында, Британия парламенти дүйнөдөгү ЛГБТ өкүлдөрү эң көп мыйзам чыгаруучу органдардын бири болуп саналат жана бул көрүнүш менен сыймыктанарын белгиледи.

Бул билдирүү коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Стармердин сөзүнө ирониялуу комментарий берип, британ парламентин «жетишкендиги» менен куттуктаганын билдирген.

Стармердин билдирүүсү жана Захарованын жообу социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири талкууланууда.

Последние новости