www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июлдагы «75чилердин каты» деп аталган кылмыш иши боюнча кезектеги сот отуруму өттү. 

Бул жолку сот процессинде жактоочулар менен айыпталуучулар жарыш сөзгө чыгышты. Учурда сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти. Бүгүн сот айыпталуучуларга өкүм чагарат деп күтүлүүдө.

Өткөн жолку сот процессинде прокурорлор шектүүлөрдү 9 жыл абакка кесүүнү сураган болчу.  

Белгилей кетсек, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы вице-премьер Аалы Карашев, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ошондой эле Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаевге карата «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылууда.

Последние новости