www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан мамлекеттик “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизди.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы келечектеги ири тоо-лыжа курортунун курулушу менен таанышып, долбоордун жүрүшү боюнча маалымат алды.

Долбоордун өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, учурда узундугу 1727 метр болгон В-1 жана 2296 метр болгон В-2 асма жолдорунун курулушу аяктады.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды түзгөн ар кандай деңгээлдеги лыжа трассаларын куруу пландалууда. Бул объект келечекте бардык категориядагы эс алуучуларды кабыл алууга жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Коопсуздук жана инфраструктурага өзгөчө көңүл бурулуп, коргоочу торлор, инженердик коргонуу системалары, навигация жана суу агызуу инфраструктурасы орнотулууда. Ошондой эле суу менен камсыздоо системалары, анын ичинде суткасына 3200 куб метр кубаттуулуктагы башкы суу алуучу курулма, 12 миң адамга ылайыкталган ичүүчү суу резервуарлары, суу даярдоо станциясы жана өрткө каршы бассейн курулууда. Электр энергиясы менен камсыздоо системасы да өнүктүрүлүп жатат.

Ошол эле учурда ири жол инфраструктуралык иштер жүрүүдө. Каракол – Жыргалаң багытында 65 чакырым жол курулуп, Боз-Учук – Жыргалаң жолунун 14,5 чакырымына асфальт төшөлүп, 8,5 чакырымдык альтернативдүү жол салынууда.

Иш-чарада Президент Садыр Жапаров асма жолдун башкаруу пультундагы баскычты басып, биринчи эки асма жолду техникалык түрдө ишке киргизди. Ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилчү дагы төрт асма жолдун пайдубалына мезгил кутусун салды.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар, инвесторлор жана чет элдик адистер менен баарлашып, аксакалдардын батасын алды.

Курорттун биринчи этабы 2026-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилери пландалууда. Бул мөөнөткө чейин алгачкы лыжа трассалары, алты асма жол, административдик имараттар, ижара пункттары жана унаа токтотуучу инфраструктура даяр болот.

Долбоор толугу менен ишке ашса, “Жыргалаң” курорттук аймагында лыжа трассаларынын жалпы узундугу 120 чакырымга, ал эми “Ала-Тоо Резорттун” үч зонасында жалпы узундугу 250 чакырымга жетет. Курорт жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алып, 7 миңге жакын жумуш орундарын түзөрү күтүлүүдө.

“Ала-Тоо Резорт” долбоору Кыргызстандын стратегиялык маанилүү ири демилгелеринин бири болуп саналат жана мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө ишке ашырылууда.

Последние новости