www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-майда Биринчи май райондук сотунда бийликти күч менен басып алууну уюштуруу иши боюнча сот отуруму өттү. 

Сотко УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев барышты. Ошондой эле тергөө абагынан 5 айыпталуучу: Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Аалы Карашев, Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев алып келинди.

Тургунбек уулу журналисттерге тагылган айып менен макул эместигин билдирди.

Зулушев иштин купуялуулугуна байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Ташиевден комментарий берүүдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, 18-майда Биринчи май райондук сотунда баштапкы соттук угуу болуп, ага Камчыбек Ташиев менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков катышкан эмес. Ташиев мыйзамдуу укугунан пайдаланып баштапкы соттук угууга келбесе, Талгарбеков ден соолугуна байланыштуу катыша албай калганы айтылган.

 

Последние новости