www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек–Ош унаа жолунда каршы тилкеге чыгып, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулар кайрадан аныкталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, эреже бузган бардык айдоочуларга тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн.
"Бир секундалык жоопкерчиликсиз аракет өмүрдү “мурун” жана “кийин” деп өзгөртүп коюшу мүмкүн. Тоолуу аймактарда каршы тилкеге чыгуу — оор кесепеттерге алып келе турган өтө кооптуу эреже бузуу", - деп жазылат билдирүүдө.
ЖКККББ бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жолдо сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырат.