www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык соту 13-августта “75чилердин катына” кол койгон 70 адамды сотко күбө катары чакыруу тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырды. Кийинки сот отуруму 17-августка белгиленди.
“75чилердин катына” байланышкан иш боюнча прокуратуранын апелляциялык арызы 10-августтан бери каралууда. Прокуратура айыпталуучуларга берилген үч жылдык пробациялык жазаны абак жазасына алмаштырууну сурап жатат. Ал эми айыпталуучулар тарап соттон толук актоону талап кылууда.
2-июлда Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев жана дагы беш адамды “бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Бирок аларга үч жылдык пробация берилип, эркиндикте калтырылган.
Сот отуруму жабык өтүп, журналисттер киргизилген жок. Иштин материалдарына ИИМ тарабынан “жашыруун” деген гриф коюлган.