www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Пентагону 2025-жылы Йемендеги аскердик операциялар учурунда 153 жай тургун каза болуп, дагы 243 адам жаракат алганын Конгресске берген отчетунда билдирди.

Маалыматка караганда, АКШ март-май айларында хуситтерге каршы абадан сокку урган. 6-апрелде 5, 17-апрелде 80, ал эми 28-апрелде 68 жай тургун каза болгон.

Пентагон окуя болгон жерлерге барып текшерүү жүргүзбөй, чалгын маалыматтарына, спутниктен тартылган сүрөттөргө жана ЖМКлардын материалдарына таянган.

Ошол эле учурда, отчетто Кариб деңизиндеги жана Тынч океандагы америкалык операцияларда каза болгондор тууралуу маалыматтар камтылган эмес.

Последние новости