www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту «75 кат» ишин жабык режимде карай турган болду. Бул тууралуу ЖМКларга айыпталуучу Курманкул Зулушевдин адвокаты Жоомарт Аширбаев билдирди. Анын айтымында, Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакыпбекова сот отурумун ачык өткөрүүнү суранган.

Бирок, башка айыпталуучулар буга каршы чыгышкандыктан, сот өтүнүчтү канааттандырган эмес. Эске салсак, бул ишке экс-УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана башкы прокурор Курманкул Зулушев сыяктуу белгилүү саясатчылар айыпталуучу катары өтүп жатышат.

Ошондой эле, президентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордон бешөө – Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмил Узакбаев шектүү катары каралууда.

Июль айынын башында Биринчи Май райондук соту бардык айыпталуучуларды бийликти күч менен басып алуу аракетине күнөөлүү деп таап, ар бирин мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан түрмөгө кескен, бирок жазаны үч жылдык пробациялык көзөмөл менен алмаштырган.

Последние новости