www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2027-жылдагы ажылык сапарына барууну каалаган жарандар үчүн катталуу жана керектүү документтерди тапшыруу талаптары белгиленди.

Ажылыкка катталуу «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Каттоодон өтүү үчүн жаранда электрондук идентификациялык карта (eID) же ID-карта болушу керек.

Ошондой эле ажылык сапарынын наркынан белгиленген алгачкы төлөм — 180 миң сомду электрондук капчык аркылуу төлөө талап кылынат. Аял кишилер үчүн махрамдын болушу шарт.

Каттоодон кийин талап кылынган документтер
Каттоодон өткөн жарандар белгиленген мөөнөттө төмөнкү документтерди жана маалыматтарды даярдап, системага жүктөшү керек:
чет өлкөгө чыгуучу паспорт.

Анын жарамдуулук мөөнөтү 2028-жылдын 1-январына чейин болушу зарыл;
3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт (зарыл болгон учурда).

Сүрөт түстүү, ак фондо жана матовый кагазда болушу керек;
аялдар сүрөткө ак же кара жоолук менен, эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшпөшү керек;
№086/у формасындагы медициналык маалымкат, ошондой эле психиатрдан жана наркология бөлүмүнөн тиешелүү маалымкаттар;
персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берген катка булуттук электрондук кол тамга (Tүндүк аркылуу);
ажыга баруучунун кийим өлчөмү жана жеке телефон номери;
талапкердин жашы каттоо учурунда 18 жаштан кем болбошу керек;
аялдар үчүн махрамдыгын тастыктаган документтер.

Талапкерлерге эскертүү
2027-жылдагы ажылыкка барууну каалаган жарандар Муфтият тарабынан белгиленген мөөнөттө каттоодон өтүшү керек.

Белгиленген мөөнөттөн кечиккен жарандар каттоого алынбайт.

Эгер төлөм жүргүзүү учурунда ажылыкка бөлүнгөн орундар (квоталар) толуп калса, «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасы төлөм кабыл алууну белгиленген мөөнөттөн мурда автоматтык түрдө токтотот.

Ошондой эле Сауд Араб Падышалыгынын талаптарына же ажылык базасындагы «Нусук Масар» платформасы аркылуу виза алуу процессине байланыштуу мурда ажылыкка барган талапкерлерге кошумча төлөмдөр каралса, аларды талапкер өзү төлөйт.

Талаптарга өзгөртүү же кошумча киргизилген учурда бул тууралуу кошумча маалымат берилет.

Последние новости