www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Сахалин облусуна болгон иш сапарынын алкагында Курил аралдарынын бири болгон Итуруп аралына барды. Бул Путиндин аталган аралга жасаган алгачкы жеке сапары.

Путин «Ясный» балык иштетүүчү комбинатына барып, ишкананын продукциясы менен таанышты. Ага жергиликтүү балыктын түрлөрү жана икрасынан көрсөтүлдү.

Президенттин Итурупка сапары Япониянын кескин реакциясын жаратты. Япониянын Тышкы иштер министрлиги Орусияга расмий «чечкиндүү нааразылык» билдирген.

Токио Итуруп баш болгон Түштүк Курил аралдарын «Түндүк аймактар» деп атап, аларды өзүнүн аймагы деп эсептейт. Орусия болсо аралдарды өзүнүн аймагы катары тааныйт. Бул талаш эки өлкөнүн ортосундагы негизги пикир келишпестиктердин бири бойдон калууда.

Последние новости