www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Чакан ГЭС» ААКнын объектилеринде күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроагрегаттарды оңдоо жана электр жабдууларын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
2026-жылга бекитилген оңдоо иштеринин планына ылайык, төрт гидроагрегатта капиталдык оңдоо жүргүзүү каралган. Алар — ГЭС-3түн №1, ГЭС-4түн №1, ГЭС-5тин №2 жана ГЭС-6нын №2 гидроагрегаттары.
Мындан тышкары, Быстровка ГЭСинин №2 жана ГЭС-1дин №1 гидроагрегаттарында учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган.
Бүгүнкү күндө ГЭС-6нын №2 жана ГЭС-3түн №1 гидроагрегаттарындагы капиталдык оңдоо иштери, ошондой эле Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатындагы орточо оңдоо иштери толугу менен аяктады.
Ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр жабдуулары жаңыланууда. Бекитилген планга ылайык, үч май өчүргүчтү заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштыруу каралган. Учурда алардын экөө Аламүдүн ГЭС-1де орнотулду.
Жүргүзүлүп жаткан иштер гидроагрегаттардын жана электр жабдууларынын күз-кыш мезгилиндеги жүктөмдөргө даярдыгын камсыз кылууга, жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана электр энергиясын туруктуу өндүрүүгө багытталган.
Маалымат үчүн: «Чакан ГЭС» ААК 10 гидроэлектр станциясын — Аламүдүн каскадын, Быстровка ГЭСин жана Бала-Саруу ГЭСин бириктирет. Компаниянын станцияларынын жалпы орнотулган кубаттуулугу 63,5 МВт түзөт.