www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө аймагында 8-марттан бүгүнкү күнгө чейин мас абалында унаа башкарган 423 айдоочу аныкталган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле убактысында 800 мас айдоочу аныкталган. Демек, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 41 пайызга азайган. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мунун себеби, мурда мас айдоочулар 17 500 сом гана айып төлөп кутулушса, жаңы катаалдашкан шартка ылайык, мас айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Ал эми жаза чарасы бүткөндөн кийин, экинчи ирет мас абалында унаа башкарган учурунда, унаасын токтотуп кою менен үч жылдык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратулуусу себеп болууда.

Азыркы учурда одоно жол эрежелеринин бардык түрү азайууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости