www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Достук» алдын ала бажы жайында декларацияланбаган 21 700 АКШ доллар суммада акча каражатын алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте декларацияланбаган акча каражаттарын сыртка чыгаруу фактысын табышты.

«Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Өзбекстанга бара жаткан «А.Т.С.» Кыргызстандын жаранынын жеке жүгүнө бажылык текшерүү жүргүзүүдө декларацияланбаган 21 700 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаты табылган.

Факт каттоого алынып, материалдар Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Последние новости