www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин айрым аймактарында 8-октябрда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу берүү саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине токтотулат.
Суу төмөнкү аймакта өчүрүлөт: Чыңгыз Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси – Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Дмитров көчөсү – Орозов көчөсү – Казаков көчөсү – Чүй проспектиси – Ала-Арча суусу – Жибек-Жолу проспектиси – Айдарбеков көчөсү – Фрунзе көчөсү – Турусбеков көчөсү – Чүй проспектиси – Чыңгыз Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси.
Өчүрүү «Батыш-2» суу топтомунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы тургундардан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
Ошондой эле шаардыктарга «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, суу берүүдөгү пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди алып туруу сунушталды.