www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Серхио Хименеске деген аял кызындагы жин-шайтанды жогтуш үчүн кызын 6 жыл бою зордуктатып келген деп билдирет Лайф.ру сайты.
- Кыз сегиз жашга келгенде апасынын ойношу мас болуп келип алып кызында кандайдыр бир шайтан жашайт деп апасын ишендире баштаган. Апасы ойношунун сөзүнө ишенип кыздагы шайтанды кетирип салуу үчүн кызын кур менен байлап, ойношунун алдына салып берген. Ошол күндөн тарта ал каалаган учурда эле кичинекей кыз менен жыныстык байланышка барып жүргөн.
Кыз болгон окуяны төмөндөгүдөй баяндап берген:
"Ал кээде мага түн ортосунда уктаба дечү. Мен жалгыз ага каршылык көрсөтө алган жокмун. Ал мени түнү бою уктатпай зордуктаган түндөр көп болгон. Ал кээде презерватив колдонсо, кээде ал жок эле зордуктап жүрдү. Ошонун натыйжасында менин боюма бүтүп калды. Дарыгерлер менин боюмдан алдырып салуу үчүн мени Парагвайга жөнөтүштү. Ал жактан баардык чындыктар калкып чыгып, укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголду. Апамдын ойношу качып кетип кутулса, апам 14 жылга эркинен ажырады"- дейт кордук көргөн Селия.
Булак: NazarNews.kg