www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилиялык чабуулчу Неймар Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунан (ПСЖ) Сауд Арабиянын "Аль-Хилаль" клубуна өттү. Бул тууралуу арабиялык клуб 15-августта билдирди.

«Мен Сауд Арабиядамын. Мен "Хилалмын" деди футболчу Твиттер сайтында жарыяланган презентация видеосунда.

Буга чейин L'Equipe гезити Неймар Аль-Хилал менен 2025-жылга чейин келишим түзгөнүн жазган. Макулдашуунун суммасы 80 миллион еврого бааланды жана бир катар бонустарды эске алуу менен ал 100 миллион еврого жетиши мүмкүн.

Футболчунун клубдан кетиши тууралуу кептер май айында пайда болгон. Андан кийин ЖМКлар ПСЖнын жетекчилери Неймардын кетиши тууралуу жашыруун талкууларды баштаганын жазышкан.

Неймар 2017-жылы "Барселонадан" ПСЖга 222 миллион еврого келген. Ал Парижде 173 оюн өткөрүп, 118 гол киргизип, 77 пас берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости