www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Химачал-Прадеш штатында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен жер көчкүлөр жүрүп, кеминде 50 адам каза болду.
Жабыр тарткан аймактарда 55 саатка жакын жамгыр жааганы кабарланууда.
Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Шимла шаарындагы храм жарым-жартылай талкаланып, тогуз адам каза болгонун India Today телеканалы билдирди. Ошол эле учурда, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, анын аймагында 50гө жакын адам болгон жана урандылардын астында кеминде 10 жаран калышы мүмкүн.
Коңшулаш Солан районунда сел бир катар калктуу конуштардагы үйлөрдү талкалап, жети адам табигый кырсыктын курмандыгы болду. Штаттын башка райондорунда дагы бир нече адам каза болду.
Штатта нөшөрлөгөн жаандан улам айрым жолдор жабылып, туристтерге жакынкы күндөрү аймакка баруудан баш тартуу сунушталууда. Адистердин божомолуна караганда, жаан-чачындуу аба ырайы штатта 19-августка чейин сакталат.
Булак: NazarNews.kg