www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

80 жылдан бери чачын бир дагы жолу кесип жана жууп көрбөгөн 92 жаштагы Вьетнамдык Нгуен Ван Чинди (Nguyen Van Chien)  көрүүгө ынтызар болгондор көп. Ал эми  көргөндөр көргөн көзүнө ишене албай келишет.

Ушунча жыл кайчы тийбеген чачы учурда 5 метрге жеткен. “Чачымды кырксам, өлөөрүмө ишенем. Ошого кол тийгизгенге дагы дитим барбайт. Тарабайм дагы. Жөн гана кам көрөм. Кургак, таза жана жагымдуу көрүнүшү үчүн чүпүрөк менен жаап коём”, -дейт Чин, чачы тууралуу.

Диний ишенимди туу туткан Чин, 7 кудай жана 9 күчкө сыйынып, чачты өстүрүү керек экендигине ишенип келет. Мектепке барганда чачын кыркууга аргасыз болгон. Бирок 3-классынан баштап кеспөөнү жана жуубоону чечкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости