www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн профилактикалык рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган 3704 айдоочуга протокол түзүлдү.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда 85 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган.

Ошондой эле:
▪️ 184 айдоочу каршы тилкеге чыккан;
▪️ 482 айдоочу тиешелүү документтерсиз унаа башкарган;
▪️ 281 айдоочу ылдамдыкты ашырган;
▪️ 4 автоээнбаштык фактысы катталган.

Мындан сырткары, жол эрежелерин одоно бузган 352 унаа айып короого токтотулду.

Жол милициясы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, рулга мас абалда отурбоого жана жолдогу коопсуздук үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Последние новости