www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 20-июнунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарында сел жүрүп, бир катар турак жайларга жана инфраструктуралык объектилерге зыян келтирди.
Кырсыктын кесепеттерин жеринен көрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов жабыркаган аймактарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жаңы-Тилек айылында өткөн жолугушууда сел калдыктары топтолгон каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлөрү белгиленип, жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен коргоочу курулмаларды куруу маселеси инженердик адистердин корутундусунун негизинде каралары айтылды.
Ошондой эле Ак-Чий айылынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан алты турак жайды селден коргоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылга каралган «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чаралар планына кошумча киргизүү сунушталды. Мындан тышкары, «Мыкаачы» суусунун нугунда топтолгон сел калдыктарын жана бак-дарактарды тазалоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Учурда Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте Ак-Чий айылындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүүдө.