www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: 3 апталык карантиндик режим киргизилди

Украинанын Киев шаарында бүгүн, 20-марттан тарта коронавирус пандемиясына байланыштуу 3 апталык карантиндик режим киргизилди. Бул тууралуу шаар мэри Виталий Кличко билдирген.

Билдирүүгө ылайык, 9-апрелге чейин бардык кинотеатр, музей, соода борборлору жана көңүл ачуучу жайлардын иштөөсүнө тыюу салынат. Кафе жана ресторандардан тамак-ашты буйрутма аркылуу гана алууга уруксат. Ал эми сулуулук салондору алдын ала жазылган кардарларды гана тейлей алышат. Андан сырткары оюн-зоок, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө толугу менен тыюу салынды. Азык-түлүк, техникалык, тазалык каражаттарын саткан дүкөндөр жана дарыканалар бардык санитардык талаптарды сактоо менен ишмердүүлүгүн уланта бермекчи.

Бала бакчалар өз ишмердүүлүгүн кадимки режимде улантат. Ал эми мектептер каникулдан кийин аралыктан окууга өтөт. Менчик ишканаларга да аралыктан иштөөгө өтүү сунушталды. Коомдук транспорттордо салонго 50 пайыз гана жүргүнчү ташууга уруксат берилди.

Эске салсак, март айынын башында Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын, коронавируска каршы вакцина жетишсиз болгондугуна байланыштуу жарандарды санитардык талаптарды сактоого чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости