www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз байыган деп кармалган Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиев мамлекетке 114 миллион сом төлөөгө макул болуп абактан чыкты.

Тергөөнүн жүрүшүндө Осмоналиев ээлик кылган кыймылсыз мүлктөр анын мыйзамдуу кирешесинен 114 миллион сомго ашып кеткени аныкталган. Мындан улам судья күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке 70 миллион сом кайтарган. Калган 44 миллионун үч айдын ичинде төлөөнү убадалаган.

Буга байланыштуу бүгүн, 20-мартта Биринчи Май райондук соту Осмоналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, сыртка чыкпоо тил каты менен абактан бошоткон.

Жогорку сотто жарандык жана экономикалык иштерди караган судья Камил Осмоналиев өткөн жылдын 15-декабрында УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал эми январь айында кызматтан алынган.

УКМКнын билдиришинче, судья тиешелүү киреше булактары жок болсо дагы ал көптөгөн кыймылсыз мүлк сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык үйлөрү, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлери, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарда коттедждери, соода борборлорунда коммерциялык объектилери жана люкс-класстагы автоунаалары бар. Булар декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШнын курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости