9-июнга карата коронавирус аныкталгандардын көбү Бишкек шаарынан катталды
Коом  |   |  2486

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча дагы 23 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Алар:

Бишкек шаары – 6;
Чүй облусу – 2;
Ош шаары – 4;
Ош облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 4;
Нарын облусу – 1.

Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталган жарандардын жалпы саны 2 миң 55 болду.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями