www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 20,4 миң сомдон алышат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Жалпысынан 637 адамга 9 миллион 934 миң сом бир жолку акчалай жөлөкпул берилет.

Аны төмөнкүлөр алышат:

— улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 5 адам — 20 600 сом өлчөмүндө;

— улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – 23 адам — 20 400 сом өлчөмүндө;

— концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары  – 8 адам — 20 400 сом өлчөмүндө;

— “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар – 11 адам — 20 400 сом өлчөмүндө;

— улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) — 1 адам – 15 200 сом өлчөмүндө;

— улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 589 адам — 15 100 сом өлчөмүндө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости