www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек арадан адамдарды жашыруун өткөрүп, дары-дармекти мыйзамсыз ташыган деген шек менен кыргызстандык жаран кармалганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү "Достук" өткөрмө пунктуна жакын жердеги чек арадан мыйзамсыз өткөн 40 жаштагы Х.Б. аттуу өзбек жараны кармалган.
Материалдын негизинде чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө өзбек жарандарын жашыруун өткөрүп жүргөндөр бар экендиги маалым болгону айтылды. Ошондой эле мыйзамсыз миграция каналдарын уюштуруу боюнча дагы бир кылмыш иши козголгону белгиленген.
"Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштердин натыйжасында 12-апрелдин түнүндө Ноокен районунун 39 жаштагы К.Х. аттуу тургуну акча алып, өзбек жарандарын чек арадан мыйзамсыз өткөрүп жаткан жеринен кармалып, камакка алынды. Шектүүнүн жанынан атайын белги коюлган акча каржаттары, түн ичинде көрүүчү дүрбү далил буюм катары алынды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, жер төлөсүнөн аткезчилик жол менен келген баасы болжол менен 30 миң доларлык 87 коробка 41 дары-дармектин түрү (психотроптук дарылар да бар) табылган.
Тийиштүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.
Булак:NazarNews.kg