www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезияда 2 миң 200 адам коронавирустан көз жумган. Бирок алар вирустан каза болгондордун расмий тизмесине кошулган эмес деп чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Адистердин айтымында, аталган маалымат өлкөдө коронавирустан каза болгон адамдардын саны 765тен алда канча көп экенинен кабар берет.

Индонезияда калкты тестирлөөдө эң төмөнкү көрсөткүчүн көрсөткөн. Ушундан улам эпидемиологдор бул фактор вирустун жайылуусунун чыныгы масштабдарын көрүүгө тоскоол болууда деп билдиришкен.

Белгилей кетсек, Индонезия калкынын саны боюнча дүйнө жүзүндө 4-орунда турат. Акыркы маалыматтар боюнча 16 провинцияда 1 миң 212 адам коронавирустан көз жумгандыгын көрсөткөн. Бул маалымат сайттарды текшерүүдө, провинциялардын жетекчилери менен сүйлөшүүдө жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун отчётунан алынган.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн иш тобунун жетекчиси Вику Адисасмито бул санды четке какпай турганын айтып, бирок өлкө боюнча каза болгондордун так санын айткандан баш тарткан. Анын айтымында, вирустун белгилери бар 19 миң 897 адам лабораториядагы чоң кезектин айынан тестирлөөдөн өтө албай жатышат.

Акыркы расмий маалыматтарга караганда, аталган өлкөдө 9 миң 96 адамдан коронавирус аныкталган, алардын ичинен 765 адам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости