www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурун 9 пайыздык босого болгондо: КСДП 44, «Республика — Ата-Журт» — 34, «Кыргызстан» — 24, «Өнүгүү-Прогресс» — 18 мандатка ээ болушуп, ал эми «Бир Бол” менен «Ата Мекен» ЖКга өтпөй калмак. Грузияда парламентке өтүш үчүн босогонун баарын алып салды, Кыргызстанда болсо Атамбаевдин ой-сунушу менен 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүлгөн. Кызыгы, Атамбаевдин бул сунушу өзүнүн СДПК партиясына ушул шайлоодо жолтоо болот. Парламентке шайлоого бара турган партиялар эми 5 миллион сом БШКга коюш керек. Эгер тиешелүү добуш алып, 9 пайыздык босогодон өтсө 5 миллион сом кайтарылат. Эгер 9 пайыздык босогого жетпей калса 5 миллион сом кала берет. Мурунку шайлоолордо мен партиямын дегендин баары парламентке шайлоого катыша берчү. Эми өтө албай калса 5 миллион сомду бекер бере турган болсо партиялар шайлоого кантип катышат?

Парламенттик шайлоодогу партиялардын парламентке келишин шарттаган 7 пайыздык босого 9 пайызга көтөрүлгөн. 2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында кайсы партиялар канча добуш менен өткөнүн карап көрөлү:

Аталган шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде партиялар төмөнкүдөй добуштарга ээ болгон:

КСДП — 432 миң 846 добуш, же 27,56%;

«Республика — Ата-Журт» — 318 миң 266 добуш, же 20,26%;

«Кыргызстан» — 205 миң 286 шайлоочу, же 13,07%;

«Өнүгүү — Прогресс» — 147 миң 515 добуш, же 9,39%;

«Бир Бол» — 134 миң 909 жаран, же 8,59%;

«Ата Мекен» — 122 миң 500 добуш, же 7,83%.

КСДП  - 38 мандат, «Республика — Ата-Журт» — 28, «Кыргызстан» — 18, «Өнүгүү-Прогресс» — 13, «Бир Бол» — 12, жана «Ата Мекен» 11 мандатка ээ болгон.

Эгерде 2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого болгондо, бүгүнкү күндө парламентте алты эмес төрт партия гана болмок.

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу биометрикалык маалыматтардын жардамы менен өткөн 2015-жылдагы шайлоодо добуш берүү укугуна 2 миллион 670 миң 480 жаран ээ болгон. Алардын ичинен шайлоого катышкандар 1 миллион 630 миң 122 жаран башкача айтканда жалпы шайлоочулардын 59 %ы катышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости